23:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

3 ай аралыгында салыктын планы 215 миллион сомго ашыгы менен аткарылды

3 ай аралыгында салыктын планы 215 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-март айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 18 миллиард 309,8 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Тактап айтканда, коюлган план 101,2 пайызга аткарылып, 215,9 миллион сомго ашыгы менен аткарылган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 1 миллиард 742,6 миллион сомго же 10,5 пайызга жогорулаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума