15:50
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Республика — Ата Журт» Бабанов үчүн, «Ата-Мекен» Исаев үчүн суранды

«Республика — Ата Журт» Кенжебек Бокоев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтук токтотууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат шайлоодон кийин Президент Сооронбай Жээнбековдун саясий өңүттө куугунтуктар болбошу керектигин айтканын анын эсине салды.

«Өзүңүздөр билгендей биздин партиянын лидери Өмүрбек Бабановго карата анын шайлоодо айткан сөздөрү үчүн гана кылмыш иши козголду. Бул жерде саясий өңүттө гана кылмыш иши козголгону көрүнүп турат. Андан соң Өмүрбек Токтогулович фракция лидерлигин өткөрүп, мандатынан баш тартты. Эгерде сиз башкы прокурор болуп калсаңыз бул маселени жеке өзүңүздүн көзөмөлгө алыңыз, биз демократиялык жолдон четтеп кетпешибиз керек» — деди ал.

Ал эми «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов парламенттин мурдакы депутаты Канатбек Исаевдин ишин кайра кароону сунуштады.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабановго каршы эки кылмыш иши козголгон. Бири Ош шаарында сүйлөгөн сөзүнүн негизинде «Улуттук кастыкты козгоо», экинчиси, «Бийликти күч менен басып алуу аракети» үчүн.

Ал эми Канатбек Исаевге «Жемкорлук» жана «Бийликти күч менен басып алуу аракети» менен айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар