09:43, 25 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында жоголгон беш жашар баланын сөөгү Тажикстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу облустук ИИБсынын маалымат кызматы билдирет.
Бала 23-апрелде жоголгон. Аны кечээ Тажикстандын Гафуров шаарында каналдан табышты.
Милициянын билдирүүсүндө, бала каналдагы сууга түшүп, суу аны Тажикстандын аймагына агызып кеткен.