Чукул билдирүү. Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

17:46, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн 18:00дөн 21:00гө чейин жана 25-апрелине караган түнү, Чүй облусунун, Бишкек шаарынын аймагында катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.