Жаранды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө

15:40, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Сокулукта жаранды койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6- апрелде, болжол менен саат 23.30 чамасында BMW E39 үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу Белинский жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен 1971-жылы туулган Солтобек Арзыгулов аттуу жаранды койдуруп алган. Айдоочу кырсык катталган жерден качып кеткен, ал эми жабыркаган жаран жан берген.

Видео байкоого кырсыкка кабылгандан кийин айдоочунун унаадан чыгып, ары-бери басып жүргөнү жазылып калган.

Аны көрүп билгендер болсо төмөнкү телефон номерине билдирип коюуну суранышат: 0 (701) 02-32-34, 0 (704) 08-80-02, 0 (707) 28-12-12 0 (312) 60-75-67.