14:55, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Анын айтымында, АКШда кыргыз диаспоралары менен иш алып барууда элчинин дарегине карата бир топ сын пикирлер айтылган.
"Комитетте Токтогуловдун ишин канааттандырарлык эмес деп табуу сунушталган, бирок депутаттар ага эскертүү берүү чечимине келишти",- деди ал.
Маалыматка ылайык, Кадыр Токтогулов акыркы эки жылда аткарган иштери боюнча отчёт берген эмес. Эскертүү тышкы иштер министрлигине жолдонду.
Кадыр Токтогулов аталган кызматты 2014-жылдан бери аркалап келет. Ага чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп иштеген.