Сагынбек Келдибаевге депутаттык мандат ыйгарылды

12:39, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Сагынбек Келдибаевге депутаттык мандат ыйгарылды. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Эскерте кетсек, Сагынбек Келдибаев вице-премьер министр кызматына дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.

Бекматовдун айтымында, Сагынбек Келдибаев кош жарандуулукка ээ эмес экендиги тууралуу маалымат такталды. Ал 2015-жылы Орусиянын жарандыгынан чыккан.