Таласта окуучулар мушташып, жабыр тарткандардын бири реанимацияда

12:25, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Таласта окуучулар мушташып, жабыр тарткандардын бири реанимацияда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аймактык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23- апрелде болжол менен саат 13.00 чамасында милиция кызматкерлерине № 5-мектептин окуучуларынын ортосунда келип чыккан массалык мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Окуя катталган жерге барган тергөө тобу 11-класстын окуучуларынын ортосундагы мушка күбө болушкан. Алардын үчөө алган жаратынан улам ооруканага жаткырылган. Биринин ичегиси айрылып кайла жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган», — деп маалымдады ИИБ.


Аталган факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.