Бишкек мэриясы алтын жалатылган сааттарды сатып алуудан баш тартты

09:12, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы алтын жалатылган сааттарды сатып алуудан баш тартты. Мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланган тендер алынды.

Эскерте кетсек, мэрия буга чейин төрт жолу алтын жалатылган сааттарды сатып алууга тендер жарыялаган. Алгач балуу белектерге 700 миң сом бөлүнүп, кийинки тендерлерде акча көбөйтүлгөн.

Жалпысынан 80 мырзалардын, 20 айымдардын саатын сатып алмакчы болгон.