Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

08:50, 24 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициялык депутат Никол Пашинян 23-апрель кечинде Еревандын Республика аянтындагы митингде сүйлөп, жаңы премьер-министр «бир жуманын ичинде» шайланышы керектигин билдирди.

Ал «Армениядагы бийликти тынчтык жол менен алмаштыруу» программасындагы биринчи талап аткарылып, Серж Саргсян отставкага кеткенин белгиледи. Эми экинчи талапка ылайык, Улуттук жыйын бир апта ичинде элдин өкүлүн премьер-министр кылып шайлап, убактылуу өкмөт түзүлүшү керек.

Пашинян ошондой эле «болушунча кыска мөөнөттүн ичинде» өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы бар экенин белгиледи.