Муфтият шаардыктарды таза болууга чакырып, ишембиликти улантууда

11:25, 23 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчыда «Таза коом-жаркын келечегибиз» аталышындагы ишембилик өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, хатибият мечит имамдары жана шаар тургундары менен биргеликте шаардык оорукананын айланасын тазалашып, көчөттөрдү отургузушту.

"Акциянын алкагында коомчулукту тазалыкка, ыймандуулукка чакыруудабыз. Иш чарабыз аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулду",- дейт Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов.