Суроо-жооп. Намазга даарат алууда тырмактын боюгун сөзсүз өчүрүү керекпи?
10:40, 23 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Даарат алуудан мурда тырмактын боегун сөзсүз өчүрүү керекпи?
Жооп: Ооба, анткени даарат дененин ар бир бөлүгүнө жетиши керек. Боек буга жолтоо болот. Бир гана тырмактын оорусуна байланыштуу дарылоочу боек койгон болсоңуз гана кечиримдүү.