Ырчы Асел Кадырбекова шоу-бизнес жылдыздары менен бирге «девичник» уюштурду

09:48, 23 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Асел Кадырбекова шоу-бизнес жылдыздары менен бирге «девичник» уюштурду. Бул тууралуу ырчынын курбулары instagram баракчасында маалымдашты.

Ырчы курбулары менен бирге тематикалык кече өткөргөн. Сүрөттөргө караганда, Индиянын салт-санаасына багытталган кече болду.

Эскерте кетсек, Асел Кадырбекова ырчы Нурлан Насипке турмушка чыгууга даярданууда. Үлпөт той 25-апрелге белгиленген. Андан кийин түгөйлөр 4-майда сахнада той-концерт өткөрүшмөкчү.