Парламент Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчылыгына бекитти

17:34, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Фото
Парламент Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчылыгына бекитти. Чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Аны менен бирге өкмөттүн жаңы курамы дагы жактырылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын 30 премьер-министри болду. Депутаттар жаңы премьер-министрди саясаттан алыс болууга чакырды.