«Ата Мекен» Абылгазиевден Текебаевдин коопсуздугун камсыз кылууну суранды

13:07, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Ата Мекен» өкмөт башчысына талапкер Мухаммедкалый Абылгазиевден Текебаевдин коопсуздугун камсыз кылууну суранды. Бул тууралуу фракция жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Өмүрбек түрмөдө Текебаевге карата коркутуп-үркүткөндөр болуп жатыптыр. Мамлекеттик жаза өтөө башкармалыгы танып жатат, бирок анын жанына адам өлтүрүү беренеси боюнча соттолгон кишини отургузабыз дегени чындык. Мен үчүнчү жактын чагымчыл иштеринен чочуп турам», — деди ал