Бишкекте кичи автобус тосмону сүздү, айдоочусу жан берди

12:14, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек кичи автобус тосмону барып түзүп, айдоочусу кырсык катталган жерден жан берди. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 10:40 чамасында 7- апрель көчөсүндө катталган.

Mersedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобустун айдоочусу жол жээгиндеги темир тосмого барып урунган. 1960-жылы туулган айдоочу кырсык катталган жерде каза болгон.

Маалыматка ылайык, айдоочу унааны башкарып бара жатканда жүрөгү токтоп калган. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, жаран медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.