Эл аралык издөөдө жүргөн террорчу кармалды

10:38, 20 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн террорчу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган Д.Д. аттуу чет мамлекет жараны КМШ мамлекеттеринин биринин укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал 2015-жылы эл аралык террорчулук уюмга кошулуп, Сириянын өкмөтүнө каршы согушкан.

Кармалган жаран тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Фото