Президент өткмөттүн отставкасы жөнүндөгү жарлыкка кол койду

13:46, 19 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн иштен кетирүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана башка өкмөт мүчөлөрү отставкага кетип, жаңы министрлер кабинети түзүлөт. Жарлык мамлекет башчы кол койгондон тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент жалпы жыйынында өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөн.