22:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Депутаттар өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштоодо

Бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында депутаттар Жыргалбек Турускулов жана Алмамбет Шыкмаматов өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштады.

«Эгер көпчүлүктүн үчтөн бир бөлүгү колдосо, маселени күн тартибине киргизсек болот. Учурда мамлекет үчүн, саясий туруктуулук үчүн бул маанилүү маселе»- деди Алмамбет Шыкмаматов.

Төрага Дастан Жумабеков аталган маселе боюнча 40 депутат кол койгон кат келип түшкөнүн, бирок тармактык комитеттин корутундусу жок экенин айтты.

Депутаттар комитет мүчөлөрүнүн жыйыны үчүн 15 мүнөт тыныгуу жарыялоону сунушташты. Бардыгы болуп 112 эл өкүлү каттоодон өтүп, 103 депутат макулдугун берди.

Эң көп окулган жаңылыктар