11:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте аттракциондор текшериле баштады

Бишкекте аттракциондор текшериле баштады. Талапка жооп бербегендерге 10 миң сом айып салынат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын Бишкек боюнча башчысы Мелис Адиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Панфилов паркы гана текшерүүгө алынды.

"Азырынча шаарда аттракциондор толук иштей элек. Панфилов паркынан талапка жооп бербеген аттракциондор аныкталган жок. Башка жайларды апрелде текшеребиз",- деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Ошто аттракцион кулап, 8 киши жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума