04:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстанда ишин мыкты алып барган имамдарга үй берилет

Өзбекстанда ишин мыкты алып барган имамдарга үй берилет. Бул өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин «Диний-агартуу тармагынын ишмердүүлүгүн түп тамырынан бери жакшыртуу чаралары жөнүндөгү» жарлыгынында каралган.

Өзбекстан Муфтиятынын алдында дин кызматкерлерине жана имам-хатибдерге айлык маяна төлөп бере турган «Вакф» коомдук кайрымдуулук фонду түзүлөт.

Мындан тышкары өз ишинде артыкчылык көрсөткөн жана муктаж болгон имам-хатибдер жаңы долбоор менен салынган үйлөргө ээ болушат.

Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиеев элдин радикалдашуусуна каршы бир топ чараларды көрүп, дин тармагын либералдаштырууга багыт алды.

Эң көп окулган жаңылыктар