20:26
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдон үлгү алыңыз — дейт комитет

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевди Сооронбай Жээнбековдон үлгү алып, журналисттерге карата акчалай доосунан баш тартуу сунушталат. Бул тууралуу чакырыкты Сөз эркиндигин коргоо комитети жасады. 

Анда Алмазбек Атамбаев тарыхта жана коомдун аң-сезиминде жакшы адам катары калгысы келсе, анда журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова, Дайырбек Орунбековго, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доосунан баш тартышы керектиги жазылган.

17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан. Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласы чыккан. Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы «ушак жана жалган жалаа» деп сотко кайрылып, моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Кийин үч баскычтагы сот тең Сооронбай Жээнбековдун доосун канааттандырган.

Башкы прокуратура былтыр журналисттер Нарын Айыпты, Дина Маслованы жана «Zanoza.kg» сайтын «Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди» деген негизде сотко берип, жалпысынан 27 миллион сомдук доого жыккан. Сот бул сумманын 15 миллионун сайт, 9 миллионун Нарын Айып жана 3 миллионун Дина Маслова төлөп бериши керек деген чечим кабыл алган. Ушундай эле айыптоо менен «Адилет» укуктук клиникасынын директру Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, «Ата Мекен» партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Эң көп окулган жаңылыктар