Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова той-концерт өткөрөт

13:16, 18 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Белгилүү ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова той күнүн белгилешти. Алардын үлпөт тою 25-апрелде өтөт.

Андан кийин эле жылдыздуу түгөйлөр Бишкек шаарынын тургундарына 4-майда концерт тартуулайт.

«Таттуу махабат» концерти Спорт сарайында өтүп, жылдыздар аны менен сахнада күйөрмандары менен бирге тоюн өткөрмөкчү.

Фото

Эскерте кетсек, Нурлан Насип Асел Кадырбековага 8-апрелде сөйкө салган.