21:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

21 жаштагы Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө

21 жаштагы Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Табылды уулу А. 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

2018-жылдын 18-апрель күнү туугандарынын кайрылуусунун негизинде, издөө иштерине КР ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБден 25 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам, жалпы 122 адам тартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума