15:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көчмөндөр оюну. Өкмөт бюджетке да, бизнеске да оорчулук келтирбейбиз дейт

III Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн бюджеттен 360 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин коалициялык азчылыгынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал каражаттар маданият, маалымат жан туризм министрлиги менен спорт жана дене тарбия комитетине бөлүндү.

«Алар кайсы жакка жумшап жаткандыгы өздөрүнө белгилүү» — деди министр.

Андан тышкары, 10 миллион сом Чолпон-Ата шаарында оюндар өтө турган жердин бир жылдык чыгымына берилди. Быйыл ипподром оңдолбойт.

«Ипподромго мурдакы жылдары деле 10 миллион сом бөлүнчү. Бул айлык акы жана башка чыгымдарга жумшалат» — деп билдирди премьер-министр Сапар Исаков.

III Көчмөндөр оюнунун башкы демөөрчүсү «Центерра голд» ишканасы болот. Алар 750 миллион сом которушмакчы. Жалпысынан демөөрчүлөрдөн 1 миллион сом топтолду. Өкмөт демөөрчүлөрдөн көбүрөөк каражат топтоп, бюджетке көп оорчулук келтирбөөгө аракет жасайт.

Бизнести мажбурлоо болбойт. Болгон да эмес. Мурдакы оюндар мекенчил жарандар өздөрү 1000-5000 сомдон алып келишкен.

Сапар Исаков

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн. Анда 100 миллион сом жумшалган. Анда эң ири каражат ачылышына жана байге фондуна сарпталган. Андан тышкары, бюджеттен жол оңдооого 25 миң доллар бөлүнгөн.

2016-жылы оюндун чыгымы 30 миллион 507 миң сомду түздү. Мында «Альянс Алтын» ишканасы ири демөөрчү болуп, 200 миң доллар которгон. Жалпысынан ишкерлерден бир миллион доллардан ашык акча топтолгон. 2016-жылы билеттер сатылып, андан 12 миллион 800 миң сом түшкөн.

2016-жылы жолдорду оңдоого 14, 5 миллион доллар, ат майданга 2 миллион доллар жумшалган.

Эң көп окулган жаңылыктар