21:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткенде жаштардын билимин жогорулатууга багытталган Эл аралык форум өттү

«Коомдогу жаштардын билимин, тарбиясын жакшыртуудагы «Энелер мектебинин» орду жана мааниси» — деген аталыштагы Эл аралык форум Баткенде болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт.

Иш-чара келечек муунга татыктуу тарбия, терең билим берүүнү жайылтуу жана Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов негиздеген «Энелер мектебинин» иш тажрыйбасын жайылтуу максатында уюштурулган.

«Келечек муундарды ата-эне, мугалим биргелешип тарбия, билим берсе, билим сапаты жогорулайт, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук кыскарат. Билим, илим аркылуу Эгемендүү өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт. Гапыр Мадеминов сыяктуу мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу, үйрөнүү, тынымсыз изденүү аркылуу дагы да алга жылуу керек», — деди өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев.

Эң көп окулган жаңылыктар