15:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар Кыргызстанга келет

Нобель сыйлыгынын ээси, түрк жана АКШ биохимиги Азиз Санжар 20-апрель күнү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «Манас» университетинен билдиришти.

Алардын маалыматында, Азиз Санжар студенттер менен жолугушууну өткөрөт. Андан тышкары, профессордун атындагы китепкананын ачылышына катышат.

Белгилей кетсек, Азиз Санжар дүйнөгө таанымал профессор. Ал 2015-жылы химия илими боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Эң көп окулган жаңылыктар