06:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тогуз-Торо окуясы боюнча 12 киши эки айга камалды. Аялдар үй камагына чыгарылды

17- апрелде Биринчи май райондук соту Тогуз-Тородо катталган окуя боюнча кармалган 15 кишинин баш коргоо чарасын аныктады.

Кармалгандардын арасынан үч аял үй камагына чыгарылып, калгандары № 1-убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынды.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар