01:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Парламенттин үч фракциясы Сапар Исаковдун отчетун жактырган жок

Жогорку Кеңештин үч фракциясы өкмөттүн отчетун жактырган жок. Бул тууралуу чечим кечээ кабыл алынды.

«Республика-Ата Журт», «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчетун чогуу карап чыгышты.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен депутаттар экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жыйынтыкты алгылыктуу эмес деп чечим чыгарышты.

Коалициялык азчылык фракциялары «Кумтөр» боюнча 2017-жылдын сентябрь айында түзүлгөн келишимди текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү да сунушташты.

Буга чейин КСДП жана «Кыргызстан» фракциялары өкмөттүн отчетун колдошкон. Отчет эми «Бир Бол» фракциясында жана палатада каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума