16:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Telegram мессенжерге бөгөт коюу чечими боюнча даттанды

Телеграмдын адвокаттары мессенжергө бөгөт коюу тууралуу соттун чечими боюнча даттанышты. Алар сотто бир дагы далил келтирилбегенин жана божомолдоо гана болгонун билдиришип, бөгөт коюу тууралуу буйрукту жокко чыгарууну өтүнүштү.

Роскомнадзордун башчысы Александр Жаров The Bell басылмасына берген маегинде мекеме мессенжер тарабынан колдонулган бардык түйүндөргө бөгөт кое албаганын айтты.

Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров тыюу салынганына карабастан, азырынча Орусияда мессенжерди колдонгондордун саны анчалык деле азайбаганын билдирди.

Анын айтымында, тыюуну кыйгап өтүү үчүн орусиялыктар VPN жана прокси-серверлерди колдонуп жатышат.

Орусия бийлиги Телеграмга колдонуучулардын жазышууларын чечмелөө ачкычтарын ФСБга берүүдөн баш тарткандыгы үчүн бөгөт коюуда. Мурдараак Роскомнадзор мессенжерге салынган тыюуну кыйгап өтүүгө жардам берчү бардык каражаттарга бөгөт коюуну, ошондой эле App Store жана Google Play дүкөндөрүнөн Телеграмды өчүрүүнү талап кылган.

Дүйшөмбүдө Роскомнадзор Amazon жана Google компанияларынын Telegram мессенжерине байланышы бар IP-даректерин жаба баштаган. Мындан улам жүздөгөн онлайн-сервистер, анын ичинде интернет-дүкөндөр, курьердик кызматтар, онлайн-оюндар, Microsoft компаниясынын сервистери, Viber мессенжери, ошондой эле орусиялык «Одноклассники» социалдык түйүнү жабыркаган. Андан тышкары Твиттердин ишинде да мүчүлүштүктөр болгону кабарланган.

Өз ресурстарына жетүүдө көйгөйлөр жаралып жатканын Роскомнадзордун өзүнөн дагы ырасташып, бирок алар DDoS-чабуулдарга байланыштуу экенин билдиришти.

Жалпысынан Орусияда 15 миллионго жакын Telegram колдонуучусу бар — бул мессенжердин дүйнөдөгү жалпы колдонуучуларынын 7 пайызын түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума