Чүйдө сойкулук менен жан баккан аялдар кармалды

17:20, 17 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Сокулук районунда сойкукана табылды. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине сойкукана тууралуу маалымат келип түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында аталган жайдан белги коюлган банкноттор жана башка далилдер табылган. Сойкукананын башчысы катары 52 жаштагы аял кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин (сойкулук боюнча жайларды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.