11:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркмөнстанда 30 жашка чейинки эркектердин чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынды

Түркмөнстанда отузга толо элек эркектер мындан ары чет өлкөгө чыгарылбайт. Бул тууралуу Дашөгүз облусунун тургуну билдирген.

Өз булак кабарлагандай, бул чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.

"Чет өлкөгө чыкканы жаткан 27 жаштагы таанышымды миграциялык кызматтын облустук бөлүмүнө чакырышып, билетин алып коюшкан. Ага 30га толо элек эркектердин өлкө тышына чыгуусуна тыюу салыган буйрук бар экенин айтышкан", - деди ал.

Маалыматтарга караганда, бир нече жигитке билеттин акчасын кайтарып беришкен.

Түркмөнстанда соңку айлардан бери чет өлкөгө, биринчи кезекте Түркияга чыгууда тоскоолдуктар жаралууда. Мындан тышкары түркмөн бийлиги башка өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарды, студенттери кайра кайтаруу чараларын көрүп жатканы дагы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби