18:01, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы энени куткарып калган милиция кызматкери менен жергиликтүү тургун Нарын облустук ИИБ тарабынан сыйланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, аты аталган жарандар 10-апрелде Нарын дарыясына боюн таштаган 1940-жылы туулган Нарын шаарынын К.И. аттуу тургунун куткарып калышкан.