16:23, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Сапар Исаков Ош базарын ордунда калтырууну убадалады. Бул тууралуу ал бүгүн базардагы өрттө зыян тарткан ишкерлер менен жолугушууда билдирди.
Алардын айтымында, өкмөт башчы бир ай ичинде «Береке» базарындагы күйүп кеткен соода орундарын кайра калыбына келтирүүнү буйруду.
Өрттөн кийин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов базар башка жерге көчүлүрөн айткан.
Базар атайын өрттөлгөнү айтылып, укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө. Жалпысынан 5 миң 412 чарчы метр аянт күйүп кетти.