Суроо-жооп. Биометриялык маалыматтарымды тапшырууга диний түшүнүгүм жол бербейт
14:59, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Пенсияга чыкканмын. Бирок, пенсия алуу үчүн бир нече документтерди тапшырышым керек экен. Анын бири бармак изимди тапшырым керек турбайбы? Бирок, бул динге туура келбейт. Эмне кылсам болот?
Жооп: Бул негизи мыйзам талабы. Жаңы паспорт алууда сөзсүз биометрия тапшыруу керек Бирок, сиз өзүңүздүн дин тутуу эркиндигиңизди сотко коргой аласыз. Ал дагы сиздин укугуңуз.