Атамбаевдин депутаттар менен кездешүүсү. Фарид Ниязов саясый кеңештен чыгарылды

13:13, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Ала-Арча» резиденциясында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги социал демократтар фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, бул партия лидеринин фракция мүчөлөрү менен болгон алгачкы жолугушуусу.

«Партиянын ички иштери, пландары тууралуу сөз болду. Алмазбек Атамбаев партиянын курамына жана биримдигине өзгөчө басым жасады», — деди Өмүркулов.

Анын айтымында, экс-президент алдына мамлекеттин келечеги жана парламенттик демократиянын өнүгүүсү тууралуу максат койгон. Ошондой эле ал партия мүчөлөрүн, анын жолун жолдоого чакырды.

«Алмазбек Атамбаев жеке мүнөздөгү эч кандай суроо көтөргөн жок. Жеке кызыкчылыктар, жеке сурануулар тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Сүйлөшүү партиянын иши жана мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө гана өттү. Андан тышкары партияны тазалоо жана анын курамын жаңыртууга кайрылды», — деди ал.

Бул жолугушуудан кийин президенттин мурдакы аппарат башчысы Фарид Ниязов партиянын саясый кеңешмесинен чыгарылгандыгы маалым болду. Ал эми «Апрель» фондун жетектейт экен.

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, Фарид Ниязовдун айынан Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда келишпестиктер жаралган.

«Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, «ал «Апрель» деген кайрымдуулук фондду жетектейт» деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди», — деди Момбеков.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин аппаратын да жетектеген.