Ош базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты

10:37, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош базарында катталган өрттөн жабыркагандар кайрадан митингге чыгышы. Бул жолу алар өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Алар Абдымомунов көчөсүн тосуп алышкан. Каршылык акциясына чогулгандардын айтымына, өрттөн кийин базарда калган товарлар таланып-тонолуп кеткен. Аларга аткаминерлер чыгып, суроолоруна жооп берүүсүн талап кылышууда.

Эскерте кетсек, 13-апрелде таңкы саат 04:00 чамасында Ош базарынан өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери аталган жай үчүнчү жолу өрттөнүүдө.