09:29, 16 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
12-апрелде, саат 16:50 чамасында Беловодск айылынан айдоочу төрт, алты жана жети жаштагы үч баланы койдуруп, кырсык катталган жерден качып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин (Транспорт каражаттарын пайдалануу жана коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.