«Чыгышэлектр» ишканасынын башчысы ээлеген кызматынан бошотулду

11:46, 13 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

«Чыгышэлектр» ишканасынын башчысы Бакыт Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Сыдыков буга чейин өз каалоосу менен иштен кетүү арызын жазган.

Эскерте кетсек, Сыдыков аталган кызматка 2015-жылдын 30-мартында келген.