09:27, 13 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Сатуучулар Ош базары өрттөлдү деп шектенишүүдө. Соода түйүндөрүнүн биринин ээси Арген Малабашевдин айтымында, анын 7 миллион сомдук товары күйүп кеткен. Тилсиз жоо тууралуу ал таңкы саат беште уккан.
«Көптөр базар өрттөлдү деп жоромолдоп жатышат. Себеби өрт наабайканадан башталып, тилсиз жоо башка түйүндөргө жайылган. Биз жакка чейин кантип жайылып кеткени белгисиз», — деди ал.
«Өрт бир учурда эки-үч жерден чыккан. Эки-үч сааттан кийин толук өчүрүлүп бүтөт», -дейт ал.