17:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ӨКМ жана сатуучулар Ош базары өрттөлдү деп шектенишүүдө

Сатуучулар Ош базары өрттөлдү деп шектенишүүдө. Соода түйүндөрүнүн биринин ээси Арген Малабашевдин айтымында, анын 7 миллион сомдук товары күйүп кеткен. Тилсиз жоо тууралуу ал таңкы саат беште уккан.

«Көптөр базар өрттөлдү деп жоромолдоп жатышат. Себеби өрт наабайканадан башталып, тилсиз жоо башка түйүндөргө жайылган. Биз жакка чейин кантип жайылып кеткени белгисиз» деди ал.

Мындай жоромолду өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов дагы билдирди. Анын айтымында маалымат «101» пультуна саат 3.50 чамасында келип түшкөн. Учурда 14 даана өрт өчүрүү унаасы жана 96 өрт өчүрүүчү иш алып барууда. Ошондой эле «Тазалык» жана тез жардам кызматтары дагы бар.

«Өрт бир учурда эки-үч жерден чыккан. Эки-үч сааттан кийин толук өчүрүлүп бүтөт», -дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар