Ноокат районунда таштанды элдин саламаттыгына зыян тийгизүүүдө

09:20, 13 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Каранай айылынын четиндеги таштанды элди уулантууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, таштада иттин, малдын өлүгү дагы аралашып жатат. Калдыктардын баардыгы жанындагы арыкка түшүп, айылга агып керүүдө.

«Айыл өкмөтү иштебей, элге кайдыгер мамиле кылууда. Эл ууланып бүтмөй болду» — дейт жергиликтүү тургун.