Эстрада жылдыздары менен мэрия кызматкерлери футбол боюнча таймашат

18:00, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин 140-жылдыгына карата эстрада жылдыздары менен мэрия кызматкерлери футбол боюнча таймашат. Оюн 20- апрель күнү, саат 16:00дө «Дордой» спорттук комплексинде өтөт.

Мачты мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда. Оюн жыл сайын өткөрүлүп келет. Өткөн жылы Ош шаарында уюштурулган. Бул жолу мэрия кызматкерлери менен Урмат Үсөнов, Омар, Бегиш, Атай Өмүрзаков, Эрмек Нурбаев, Максат Садырбеков жана башкалар беттешет.

Матч концерттик программа менен коштолот.