17:21, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Интернеттен ар кандай кишилер байланышка чыгып, ар түрлүү шилтемелерди жөнөтө турган болду. Айрымдарын ачып карасам, диний ууран-чакырыктары четтен чыккандай. Көпчүлүгү чет өлкөлө жайгашкан окшойт.
Жооп: Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, сайттардын жабылышын талап кыла аласыз. ИИМ 10-башкармалыгына, же УКМКга арыз жазыңыз.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 20 диний уюм эктремисттик жана террористтик деп табылган. Андан тышкары, 159 сайт өлкө аймагында кулпуланган. Алардын ой-пикирин жайылтуу кылмыш болуп саналат.