Турдакун Усубалиев атындагы көчө 2021-жылдан кийин гана пайда болушу мүмкүн

16:02, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Калаа көчөлөрүнүн бирине Усубалиевдин ысымын ыйгаруу 2021-жылга чейин каралбайт. Кыргызстан коммунисттер партиясынын кайрылуусуна мэрия дал ушундай жооп кайтарды.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 23-октябрында кабыл алынган токтомуна ылайык? жергиликтүү башкаруу органдары 2021-жылга чейин калктуу конуштардын жана көчөлөрдүн ысымын өзгөртө албайт.

«Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алсак, анын ысымын Бишкек көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу бир жыл аралыгында ишке ашып калышы мүмкүн» ,- деп маалымдады мэриядан.

Өкмөттүн токтомуна карабастан 5-апрелде шаардык кеңеш Бишкектеги негизги көчөлөрдүн бирине Усубалиевдин ысымын ыйгаруу чечимин кабыл алган.

Фото