Ош- Исфана жолунан айдоочу жөө адамды койдуруп кетти

15:11, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарынан айдоочу жөө адамды койдуруп кетти. Сокку катуу болгондуктан жаран кырсык катталган жерден жан берген. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде, болжол менен саат 05:40 чамасында, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынан айдоочу 1982- жылы туулган Т.А. аттуу жаранды койдуруп кеткен.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Араван районунун 1987-жылы туулган Э.К. аттуу тургун кармалган.

Учурда аталган маселе боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.