03:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош шаарында массалык чуркоо болот

Ошто 14-апрель күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Марафонго мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Жарыш эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.

«Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Спорттук мелдеш 13-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да башталат» — дейт мэрия

Эң көп окулган жаңылыктар