КСДП өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп тапты

08:46, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

КСДП өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп тапты. Мындай чечим кечээ, фракциянын отурумунда кабыл алынды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов жасалып жаткан алгылыктуу иштер дагы арбын экенин, ошол эле маалда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдө, миграция маселесинде кемчиликтер бар экенин баса белгиледи. Жыйында айтылган сын-пикирлерди эске алуу өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп табуу чечими кабыл алынды.