21:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тамырын кескен окуучулар тууралуу тиешелүү мекемелер ар кандай маалымат берүүдө

Көпчүлүк маалымдоо каражаттары Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылындагы мектеп окуучулары кан тамырларын кескени тууралуу маалымат таратты.

Бирок мектеп директору Назира Осмонакунова «24.kg» агенттигине билдиргенине караганда, маалымат чындыкка коошпойт.

«Биздин мектеп чакан, 76 гана бала окуйт. Бардыгы бири-бирин тааныйт. Мындай маалыматты ким таратты билбейм. Милиция кызматкерлери келди, бирок андай факт катталган жок. Ооруканага дагы жардам сурап эч ким кайрылган жок», — деди ал.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады. Бирок канча бала жабыр тартканы тууралуу так маалымат беришкен жок. Балдар «Синий кит» оюнун ойногонбу же жокпу? — деген суроого дагы жооп алуу мүмкүн болбоду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын февралында Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу #морекитов, #тихий дом, #f58 и #d28, #хочувигру, #разбуди_меня_в_4.20 деген хэштегдер менен оюндар жайылып кеткен. Ага чейин оюндар Орусияда дагы тарап, балдарды өз жанын өзү кыюуга алып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар