18:00, 11 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Көпчүлүк маалымдоо каражаттары Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылындагы мектеп окуучулары кан тамырларын кескени тууралуу маалымат таратты.
Бирок мектеп директору Назира Осмонакунова «24.kg» агенттигине билдиргенине караганда, маалымат чындыкка коошпойт.
«Биздин мектеп чакан, 76 гана бала окуйт. Бардыгы бири-бирин тааныйт. Мындай маалыматты ким таратты билбейм. Милиция кызматкерлери келди, бирок андай факт катталган жок. Ооруканага дагы жардам сурап эч ким кайрылган жок», — деди ал.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын февралында Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу #морекитов, #тихий дом, #f58 и #d28, #хочувигру, #разбуди_меня_в_4.20 деген хэштегдер менен оюндар жайылып кеткен. Ага чейин оюндар Орусияда дагы тарап, балдарды өз жанын өзү кыюуга алып келген.